Жаңылыктар / 16.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

357

Президент шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоо талабын койду. Ал арада айрымдарга депутаттык мандатты 350 миң долларга сатып алуу боюнча сунуштар түшө баштады.

Мурдагы судья Батукаевди бошотууга Индира Жолдубаева көрсөтмө бергенин айтып чыкты. Экс-башкы прокурордун жактоочусу болсо фемида өкүлү психологиялык кысымга кабылышы мүмкүн деп билдирүүдө.

Бишкектеги «Калыс-Ордо» жаңы конушундагы жер басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду. Жарандарды түкүрүп, мыйзамсыз кадамга түрткөндөрдүн артында кимдер турат?

Транспорт жана жолдор министрлиги кышка 50 пайызга гана даяр экен. Айдоочулар ашууларда кыйын кырдаалга кабылганын айтышууда.