Жаңылыктар / 16.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

557

Президенттик шайлоого катышууга белсенгендердин саны 63 болду. Бирок саясий серепчилер алардын көпчүлүгү күрөөнү төлөөгө келгенде жарыштан баш тартса, айрымдары жөн эле катталып коюшту, деп билдиришүүдө. Реалдуу талапкерлер кимдер?

Эпидемиологиялык абалдын өтө курчушу менен өлкөдө кайрадан медиктер жетишпей баштады. Тиешелүү министрлик экинчи ирээт медициналык билими бар адистерди кадрлар резервине катталууга чакырууда.

«Товар ташыйбыз» деген шылтоо менен мыйзамсыз кирешени адалдаштырып, чет мамлекеттерге миллиондорду чыгарып кетип жүргөн дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Кылмыштуу схемага тиешеси бар кызмат адамдары аныкталууда.

Өлкө базарларында эттин баасы кескин өсүүдө. Адистердин айтымында, жыл башынан бери эле азык 30 пайызга көтөрүлгөн. Эмнеге бир дагы мамлекеттик орган эттин наркын түшүрүү аракетин көргөн жок?