Жаңылыктар / 16.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

789

Коррупция боюнча иштерди Башкы прокуратурада жаңы түзүлгөн атайын тергөө башкармалыгы карап, ага психологиялык тесттен өткөн тергөөчүлөр алынат. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин биринчи жыйыны болду.

Бишкекке келген 200 тонна арзан көмүр бир заматта түгөндү. Кезекте тургандардын саны саат сайын көбөйүүдө. Борбор калааны көздөй дагы 16 Камаз кара отун тартып келе жатканы айтылды.

Жүрөк үшүн алган кырсык. Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа кагышып, анын кесепетинен 7 адам набыт болду. Дагы бир нече киши ооруканаларга жеткирилди.

Добуш сатып алуунун жаңы заманбап техникалык жолдорун буу аракеттери башталды. Финансылык чалгындоо кызматы электрондук капчык жана төлөм терминалдары аркылуу шайлоочунун добушун сатып алууну көзөмөлдөөнү колго алды.