Жаңылыктар / 16.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1116

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду ордун кайсы депутат көздөп жатат? Спикерди кызматынан кетирүү демилгеси жакынкы күндөрү күн тартибине чыгышы мүмкүн.

Коомдук унаалардын катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркаган 10 адамга кенемте төлөнүп берилет. Бирок Бишкек шаардык мэриясы азырынча анын так суммасын айта элек.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алуу эмне себептен нараазычылыктар менен коштолууда? Документти берүү мөөнөтү дагы узартылышы ыктымал.

Патрулдук милициянын курамы дагы толукталат. Сынактын экинчи түрүнөн өткөн 235 жаран жаңы жылдан тарта Бишкектин 2 району боюнча кайгуул жүргүзө баштайт.