Жаңылыктар / 16.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

957

Жыштыктарды сатуу ишинде жаңы фигурант. Өкмөттүн аппаратынын биринчи орун басары кармалды. Муну менен шектүүлөрдүн саны 10го жетти. Эми кезек кимде?

Өлкөдө электр энергиясынын автоматтык түрдө өчүрүп калуу коркунучу жаралды. Өкмөт мүчөлөрү көмөкчордондор чыдабай кызып кетип жатканын айтып, коңгуроо кага башташты. Ал арада жарыгы өчкөн айрым тургундар жол тосууга өтүштү.

13 жашар кыздын зордукталышы боюнча Бириккен Улуттар уюму билдирүү таратты. Анда Кыргызстан кыз-келиндерге жана балдарга карата жасалган зомбулуктун жазасыз калышына чекит коюуга тийиш экени белгиленген.

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктунда 60 килограмм героин кармалды. Маңзатты кайсы өлкөнүн жараны алып өтүүгө аракет кылган жана ал биринчи бекеттен кантип өтүп кеткен?