Жаңылыктар / 16.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1299

Шайлоонун жыйынтыгынан кийин “Альянс” партиясы Боршайком менен соттошууга белсенүүдө. Маселенин баары «гендердик квотадан» келип чыкты.

Кызматкерлердин укуктары менен коопсуздугун одоно бузуп, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабастыгын көрсөттү. Кыргызстан канадалык “Центерра Голд” компаниясын сотко берди.

Күнү-түнү уктабай жүргүнчү ташыган таксисттер жазалана баштайт. Тиешелүү мекеме лицензия берүү эрежесин иштеп чыгууда. Ага ылайык айдоочуларга бир топ жоопкерчилик жүктөлөт.

Тигүүчү цехтерден чогултулган калдыктардан көз жоосун алган эмгектерди жасаган чеберлер. «ЭКО-КУРАК» көргөзмөсүнүн уюштуруучулары мындай жол менен адамдарды жаратылышка, өзгөчө ордо калаанын абасына аяр мамиле жасоого чакырышат.