Жаңылыктар / 17.01.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1720

Кыргызстанда дагы бир келин үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркады. Сузак районунун 34 жаштагы жашоочусу, 3 баланын энеси күйөөсүнөн таяк жеп, ооруканада жатат.

Парламенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүү аракети колдоо табабы? Бул демилгени көтөргөндөр чогулткан кол тамгаларды депутаттар текшерүүгө киришти.

Бир үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөн өспүрүм. Чүйдө мектепке барбай, ата-энеси менен бир туугандарын багуу үчүн көчөдө кайыр сурап жүргөн 12 жаштагы бала табылды.

Бишкектеги театрлар быйыл Россияга гастролдоп барышат. 2020-жыл Кыргызстан-Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыяланып, ага байланыштуу иш чаралардын ачылышы февралда Москвада өтөт.