Жаңылыктар / 17.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1046

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Нефтетрейдерчилер Россиядагы заводдордо мунайдын наркынын кескин жогорулап кеткенин айтып, коңгуроо кага башташты.

Кезектеги реформалоо аракеттери. Саламаттыкты сактоо министри сапатсыз билим берген медициналык жеке менчик окуу жайларын жаба турганын айтты. Ал ортодо үй-бүлөлүк медицина борборлору бириктирилүүдө. Бул өзгөртүүлөр катардагы бейтапка жагымдуу шарттарду түзөбү?

Эки адамды бычактоого шектелгендер кармалды. Алар Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

Чүйдө атайын жайларда өстүрүлгөн балыктардын массалык кырылуусуна химиялык элементтер себеп болгон эмес. Айрымдары алар мөөнөтү өтүп кеткен жемге ууланган болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.