Жаңылыктар / 17.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

641

Биз каршыбыз! Нарында соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп, анда 5 пункттан турган резолюция кабыл алынды. Чогулгандар өкмөттөн тиешелүү токтомду жокко чыгаруусун талап кылышты.

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев убактылуу кызматынан четтетилди. Спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу аткаминер аны бутка атып, коркутканын айтып, президентке кайрылган болчу.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдө техникалык коопсуздук сакталбай жатабы? Акыркы 3 айда эле адам өлүмүнө алып келген 2 окуя катталды. Экологдор коңгуроо кагышууда.

Бүтпөгөн чектөөлөр, кошумча шарттар. Кыргызстан менен Казакстандын чек арадагы товар өткөрүүдөгү көйгөйүн чечүүгө Дүйнөлүк соода уюму киришеби?