Жаңылыктар​ / 17.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

853

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун парламентте жумушчу кеңешме талкуулай баштады. Бирок депутаттар Конституциялык кеңешме жөнөткөн документке өзгөртүү киргизе алабы деген маселе ачык бойдон калууда.

Кумтөр боюнча кайрадан депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына кирген 12 эл өкүлү ишкананын ишмердүүлүгүн текшерип чыга турган болду.

Кыргыз Эл артисти, кино жана театр корифейи Жамал Сейдакматова акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.

Ат майданы турган жерге кимдер көз артууда? Активисттер “Аккула” ипподромунун ордуна футбол талаасын курууга каршы чыгышты.