Жаңылыктар / 17.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1417

Эки жылдан бери токтоп турган темир жол аркылуу каттоо кайра жанданышы ыктымал. Кыргызстан Россиянын гана макулдугун күтүүдө. Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу өтүүгө макул болду.

Көйгөйү бүтпөгөн борбор калаа. Бишкектин четиндеги Дордой-2 конушунун тургундары коомдук транспорт маселеси менен шаар мэрине кайрылышууда. Бирок ордо калаанын чок ортосундагы көйгөйлөр чечилбей жатканда, ал жакка кезек жетеби?

Ош областындагы жол кырсыгында эки бир тууган каза тапты. Дагы бир адам оор абалда, ооруканада.

Жүрөгү тоодой, күжүрмөн даярдыктагы жоокерлер. Куралдуу күчтөрдүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн 100дөй жоокери парашют менен секиришти.