Жаңылыктар / 17.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

572

Коронавирусту алдын алуу максатында өлкөдө кабыл алынган талаптар катуулатылды. Кыргызстанда той-аш өткөрүүгө, массалык иш-чараларды уюштурууга убактылуу тыюу салынат. Талапты бузгандар жазаланат.

Дүйнөнү каптап жаткан жаңы типтеги вирустан улам 12-апрелге белгиленген шайлоо өнөктүгү жылдырылышы ыктымал. Тиешелүү сунушту Боршайкомдун мүчөлөрү айтып чыгышты.

Аксы окуясына 18 жыл толду. Президент Сооронбай Жээнбеков бул окуялар өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калганын айтты.

Өкмөттүн киргизген чектөөлөрүнө карабастан унду кымбаттатып сатып жаткан соодагер колго түшүрүлдү. Кырдаалды кыянат пайдаланган чайкоочулар жазаланаары дагы бир жолу эскертилүүдө.