Жаңылыктар​ / 17.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1448

Таластагы “Жерүй” алтын кен комбинаты салтанаттуу түрдө ачылды. Садыр Жапаров иш-чарага жеринде катышса, Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу байланышка чыкты.

Бишкектеги Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы бала мууздап өлтүрүлдү. Окуя боюнча күбө катары анын 10-класста окуган агасы сурак берүүдө.

Өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру катталганына туура бир жыл болду. Өткөндөн сабак алдыкпы? Коңшу мамлекеттерде карантиндик чектөөлөр күчөтүлө баштады, Кыргызстанда абал кандай?

Ирактан алып келинген балдардын көпчүлүгүнүн энелери Багдад шаарындагы түрмөдө жазасын өтөшүүдө. Россияда өрт кырсыгынан каза тапкан кыргызстандык эки бир тууган кичи мекенинде жерге берилди. Сыртта жүргөн кыргызстандык балдардын кандай шартта жашап жатканын кайсы орган көзөмөлдөйт?