Жаңылыктар / 17.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1309

Азык-түлүктүн баасын атайын кымбаттаткан спекулянттарга 1 миллион сом айып салуу демилгеси көтөрүлдү. Ал арада, кыргызстандык ишкерлер Россия-Казакстан чек арасында товарларын өткөрө албай турушканы белгилүү болду.

Аксы окуясы Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири. Президент Садыр Жапаров Аксы окуясынын 20 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Депутаттар саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата чара көрүүнү талап кылышууда. Алар өлкөнүн башкы дарыгери мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбеген иштерди жасап, мазактоо менен алек болуп калганын айтышууда.

Ноорузду утурлай жер-жерлерде сүмөлөк жасоого даярдыктар башталды. Айрымдар бул тамакты майрамда эле эмес, жыл бою жасап, киреше таап келишет.