Жаңылыктар / 17.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

601

200 миң доллар пара алып жатканда кармалган прокурор ооруканага жатып калды. Бул акчаны алган башкармалыктын жетекчиси кайсы ишти жабууга убада кылган?

Тогу-Тородогу башаламандык боюнча 15 киши кармалды. Буга нааразы болгондор Бишкекте жана Казарманда митингге чыгышты.

Өлкө бюджетинен акча уурдаган деп шектелгендердин тизмеси узарууда. Кошумча нарк салыгы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында дагы 2 адам кармалды.

Депутаттардын Талантбек Батыралиевге өчөшүүсүнүн себеби эмнеде? Айрым эл өкүлдөрү саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алынышын талап кылышууда.