Жаңылыктар / 17.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1530

Сот тармагын реформалоо жаңы дем менен кайрадан башталышы керек. Президенттин алдындагы сот реформасы боюнча кеңешменин биринчи отуруму болуп өттү.

Депутаттык комиссиянын 3 айлык иликтөөсүнүн тыянагы 3 күн талкууланып, парламет токтом чыгарды. Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦи боюнча комиссиянын корутундусун кароону улантты.

Коррупциялык иштердин бетин ачуудан кайтарылган акчаны атайын эсепке топтоонун максаты эмне? Президенттин демилгеси тууралуу адистердин пикири.

Селдин кесепетинен турак-жайсыз калган аравандыктар! Ал арада синоптиктер шашылыш билдирүү таратып, жаан-чачын кайрадан күчөй турганын эскертишүүдө.