Жаңылыктар / 17.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1077

Тарыхый чечим. Жогорку Кеңеш «Кумтөргө» тышкы башкарууну киргизди. Кайсы депутаттар канадалыктардан тымызын сый акы алып, алардын кызыкчылыгын коргоп келген? Камчыбек Ташиев жакында камоолор башталарын билдирди.

Парламенттин бүгүнкү кезексиз жыйынында чек ара маселеси жабык каралды. Ал эми Тажикстандын жарандары тарабынан кармалган Кыргызстандын үч тургуну бошотулду. Барымтага алынгандар сабалып, баш мээлери чайкалган.

Жогорку Кеңештин депутатынын уулу жол кырсыгы катталган маалда мас абалында болгон. 10 жыл мурда ал 3 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган болчу.

Эпид.кырдаал быйыл жайкы эс алуу сезонуна кандай таасир берет? Чолпон-Ата шаарында эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтүп, анын алкагында быйылкы туристтик сезонго старт берилди.