Жаңылыктар / 17.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

514

Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулган. Депутаттык комиссия экс-президентти 9 оор кылмыш боюнча айыптоодо.

“КТ Мобайл” компаниясынын тегерегинде чырдан улам дагы 3 жетекчи кызматынан кол жууйбу? Парламенттик комиссия тыянак чыгара албай, иш создуктурула баштады.

Кыргызстан Кытайга тоо балын, алча, ун жана сүт азыктарын экспорттоого даяр. Жакын арада кошуна өлкөдөн инспекторлор келип, товарларды текшерүүдөн өткөрөт.

Жакыр жашагандарга 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда. Бирок бир талап менен. Аз камсыздалган үй-бүлө бизнес-долбоорун түзүшү керек.