Жаңылыктар / 17.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1409

Коронавирус боюнча өлкөдө жыл башынан берки антирекорд катталды! Бир суткада 787 адамдан Ковид-19 аныкталып, 4 бейтап көз жумду. Эпид.кырдаалдын курчушунан улам Бишкекте айрым чектөөлөр киргизилди.

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго үй-бүлө мүчөлөрү менен жолукканга уруксат берилди. Буга чейин анын адвокаттары тергөөчүнүн тыйуу салуусун адамкерчиликсиз деп баалап, сотко кайрылышкан болчу.

Сугат суу көйгөйүнөн улам Жогорку Кеңеште министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү. Улукбек Марипов болсо кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Мурдагы президенттин калкалоосун пайдаланып, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, соттордун ишине активдүү кийлигишкен. Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды.