Жаңылыктар / 17.09.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

458

Жакында өлкөдө бизнес-Омбудсмен пайда болушу мүмкүн. Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, ишкерлердин көйгөйүн укту.

Жүргүнчүлөрдү поездге билети жок отургузуп, андан түшкөн каражаттар кимдин чөнтөгүнө кетип турган? Транспорт прокуратурасы “Кыргыз Темир Жолу” ишканасынын айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Бишкектеги “Мадина” базарында чыккан өрт кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулганбы? Тилсиз жоо 9 ишкердин товарын жок кылганы белгилүү болду.

Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу быйыл ымыркайлардын өлүмү көп катталып жатат. Ак халатчандар мунун себебин тубаса кемтик менен төрөлүү жана эрте төрөт менен түшүндүрүшүүдө.