Жаңылыктар / 17.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30

1064

Кумтөр иши боюнча “Центерра” менен “Кумтөр Голд” компанияларынын жетекчилерине издөө жарыяланды. Алар өлкөдөн 200 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткени аныкталды.

ЖККУну улай Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Афганистандагы абал талкууланды. Президент Садыр Жапаров бул уюмга кирген өлкөлөргө кол салууга жол бербөө үчүн өз ара байланыш стратегиясын иштеп чыгуу керек деген сунушун айтты.

Быйыл өрт кырсыгы 30 пайызга көбөйдү. Жыл башынан бери 25 адам ажал тапса, алардын төртөө — жаш балдар.

Бүткүл дүйнө жүзүндө тазалык күнү белгиленүүдө. Кыргызстанда таштанды маселеси курч бойдон калууда. Элдин аң-сезими качан өзгөрөт?