Жаңылыктар / 17.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

921

Бишкекте коомдук унаанын айдоочуларынын иш таштоосу мушташ менен коштолду. Нааразы тарап көйгөйлөрүн айтып, эгер жетекчи алмашпаса, шаардыктар автобуссуз көчөдө калат, деп эскертишти.

Жаңы жылдан тарта автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы иштей баштайт. Бирок буга тиешелүү мамлекеттик органдар жана айдоочулардын өздөрү даярбы деген суроо кабыргасынан коюлууда.

Кышында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурап турабы? Биринчи карда эле айрым аймактардын тургундары электр энергиясыз калышты.

«Кыйырларды багындарган кыргыз керемети». 79 жыл мурда дал ушул күнү “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылган.