Жаңылыктар / 17.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

920

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына жактырылды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевге байланыштуу соттук отурум дагы болбой калды. Процесс 2 айыпталуучунун ооруп калганына байланыштуу 19-декабрга жылдырылды.

Бишкекте жол кырсыгынан 51 жаштагы жөө жүргүнчү каза болду. Катуу ылдамдыкта келе жаткан жеңил унаанын айдоочусу аны 10 метрдей жерге чейин сүйрөп барган.

Ордо калаада люк уурдагандар көбөйүп, бир жылда анын саны 800гө жеткен. Темир капкактардын жоктугунан аңга түшүп кеткен учурлар катталууда.