Жаңылыктар / 17.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

997

Ош мэриясынын комитет төрагасы Кылыч Саркарбаев кармалды. Ал мурда соттолгонун жашыруу үчүн фамилиясын алмаштырып алган деп шектелүүдө. Буга кошумча ал уюшкан кылмыштуу топтун башчысы менен тыгыз мамиледе болгону аныкталган.

Кыргызстан климаттын ысышынан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Улуу Британиянын элчилиги мындан дыйкандар жапа чегип жатканын билдирди. Ал арада өкмөт ыш баскан Бишкектин көйгөйүн чече албай убара.

«Жетим-Тоо» кени кытайлыктарга берилип кетиптир деген маалымат чындыкка дал келбейт жана мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр инвесторлорго карата терс мамилени күчөтүүдө. Өкмөт аталган кенди мамлекет өзү иштетерин билдирди.

Талаш менен коштолгон жарманке. Айыл чарба министрлиги өндүрүмдүн он түрү сатыкка чыгат делгени менен, арзан азыктар аз болду.