Жаңылыктар / 17.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1631

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери бир жумага токтотулду. Обьектте тазалоо иштери жүрүп жатканы кабарланууда. Ал арада тоннасы 3 миң сомдон сатылган көмүр кампаларында отун түгөнүп, таңсыктык жаралууда.

Альянс партиясындагы мандат чыры боюнча комиссия түзүлөбү? Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, анда БШК бул боюнча туура эмес чечим чыгарса, иш козгоп, жоопко тарталы деген пикирин билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасында чырга жол берген аскерине Тажикстан чара колдонот. Анын жөнү жок жерден курал колдонгону туура эмес болуп калганын кошуналар моюнга алышкан.

Гол, пенальти, айып кагазы жана айыгышкан таймаш. Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүп, бир тайпаны президент Садыр Жапаров баштап чыкты.