Жаңылыктар / 18.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

500

Дагы бир криминалдык төбөл мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулду. Бирок бул жолу ден соолугуна байланыштуу эмес. Дөө Чыңгыз каймана аты бар Жумагулов жакшы жүрүм-туруму үчүн жана мунапыс менен эркиндикке чыкты.

Эл аралык уюмдардын иликтөөсү боюнча, Кыргызстанда 8 мектеп гана коопсуз деп табылган. Окуучулардын 70 пайызы рэкетчиликке кабылганын айтышкан.

Айдоочулук күбөлүк алуунун жолдору татаалдашкандан бери, сынактан кулаган курсанттардын саны кескин көбөйдү. Дээрлик 95 пайызы экзаменден өтпөй калууда.

Эки жарым жаштагы Эрбол элдин жардамына муктаж. Бөбөккө тез арада операция жасалбаса, эки көзү көрбөй калуу коркунучу бар.