Жаңылыктар / 18.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1045

Товар ташыган компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, жең ичинен жеңилдетилген шарттарды түзүп, жеке баюу максатында бажы кызматтарынын наркын негизсиз ашыра баалоо. Коррупцияга шектелип кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кандай схемаларды түзгөн?

Эпидкырдаал курчуп, коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө. Өлкөдө жалпысынан 25 мектеп карантинге жабылды. Анын көпчүлүгү «кызыл зонага» кирген Бишкек шаарында.

Түркиялык компания Кыргызстанда газ менен иштей турган жылуулук электр борборун курушу ыктымал. Энергетика министрлиги учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Тараптар тариф маселеси боюнча бир пикирге келе албай жатышканы маалым болду.

«Кумтөр Голд» ишканасы былтыр 14,5 тонна алтын өндүрүп, салык катары 14 миллиард сомго жакын каражат төктү. Министрлер кабинети «Кумтөр Голд» ишканасынын былтыркы отчетун жактырды. Алтынды сатуудан түшкөн таза пайданын көлөмү 856 миллион доллар болгону белгиленди.