Жаңылыктар​ / 18.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1386

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов камакка алынды. Бул жолу экс-аткаминер кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип жатат.

Быйыл чек аранын 150 чакырымы демаркация болуп, ага 100 миллион сом бөлүнөт. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен областына барып, эл менен жолугушту.

Кримтөбөл Кадыр Досоновду чекисттер 3 ай аңдып, кармоого Тажикстандын күч түзүмү жардам берген. Кылмыш чөйрөсүндө «Дженго» деген аты бар адам кимдердин акчасын адалдап келген?

Расмий маалымат менен базардагы баалардын ортосундагы чоң айырмачылык. Наркты жөнгө сала турган агенттик статистикалык маалымат чогултуу менен гана алек.