Жаңылыктар / 18.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1140

Кичи автобустун айдоочусу коюп кеткен кыз баш мээси чайкалып, акыреги сынган абалда ооруканада жатат. Айдоочуга айып салынды.

Журналист, жарандык активист Семетей Талас уулу Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыкты. Ал «Экстремисттик материалдарды таратуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылган.

Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө акысыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөттү. Өнөктөш өлкө бир нече аскердик транспорт жана жоокерлердин коопсуздугу үчүн жабдыктарды берди.

Кыргыз Улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин ачылуу алдында турат. Ремонт иштерине байланыштуу көптөн бери көрүүчүлөр үчүн жабык турган маданий жай театр сүйүүчүлөрүн Манастын уулу Семетей спектакли менен тосуп алат.