Жаңылыктар / 18.03.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

395

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады. Жабык турган жолдор ачылып, Аксай-Тамдык жолу бүткөрүлмөй болду.

Токмоктогу жаштар ортосундагы мушташ жергиликтүү кеңештин депутатынын өлүмү менен бүттү. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тез жардам кызматында иштеген бир топ айдоочу иш таштап кетиши мүмкүн. Ага жол эрежелерин бузгандары тууралуу келген протоколдор негиз болобу?

Күнүнө 200 миңге жакын турист келип-кеткен Үрүмчү шаарындагы эл аралык базар. Кытайдагы этникалык кыргыздардын жашоосу тууралуу сюжеттердин түрмөгү уланууда.