Жаңылыктар / 18.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

633

Тартипти катуу сактап, жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Президент Сооронбай Жээнбеков короновирус илдетине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Сузакта коронавируска чалдыккан 3 киши акыркы 6 күндүн ичинде эле 1200гө жакын адам менен байланышта болгон. Ал эми алар менен бир учакта учуп келгендердин баары табылып, карантинге алынды.

Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилип, 3 айылга карантин жарыяланды. Аймакка адамдардын кирип чыгышына чектөө киргизилип, сырттан келгендер артка кайтарылууда.

Жалпы өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды болушунча көзөмөлдөн чыгарбоо аракети көрүлөрүн билдирүүдө.