Жаңылыктар​ / 18.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1527

Кыргызстандан кумшекер менен майды экспорттоого тыюу салынды. Бүгүнкү күнү өлкөдө бул азыктардын канча көлөмү калды жана ал канчага жетет?

Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы өспүрүмдү мууздап өлтүрүүгө шектүү катары агасы кармалды. Бир туугандар ортосунда уруш чыгып, инисин бычактап салган.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси болгусу келгендердин саны сегизге жетти. Муфтият ажылыкты уюштуруу укугунан ажыратылабы?

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн вакцинанын үч түрү колдонулат. Бишкек, Ош жана Чүйдө убактылуу иштей турган 8 пункт ачылат.