Жаңылыктар / 18.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1179

Казакстан Кара-Су өткөрмө бекетин маал-маалы менен жаап салууда. Бүгүн эртең менен 4 саат иш токтоп турду. Кезек күткөн унаалардын катары узарууда. Эмне үчүн кошуна өлкө милдеттенмелерин аткарбай жатат?

Өлкөдөн долларды каалагандай өлчөмдө чыгарып кетүүгө тыюу салуу сунушталууда. Ага ылайык, чет элдик жарандар накталай түрдө 5 миң, кыргызстандыктар 10 миңден ашык АКШ валютасын алып чыга албайт.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жүрүм-туруму үчүн сөгүш жарыяланды. Учурда өкмөт аткаминерлерди этикага үйрөтүү боюнча окутууларды өткөрүүдө.

Кыргызстандык альпинисттерден куралган Гималай экспедициясы 8 миң метрден бийик Манаслу чокусун багынтууну көздөшүүдө. 9 адамдан турган топ сентябрда Непалды көздөй сапар алышат.