Жаңылыктар / 18.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

989

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын сырттан башкаруучусу болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалды. Ал арада «Центерра Голд» Кыргызстандын акцияларды башкаруу укугун чектегенин жарыялады.

Баңги затын ташыган эл аралык канал аныкталып, жарым тоннага жакын героин кармалды. Анын базар баасы 20 миллион долларга жетет.

Пенсия-пособиелерди 2 эсеге жогорулатып, аймакты өнүктүрүү фондун түзүү. Жогорку Кеңештин тармактык комитети Баткен областына өзгөчө макам берүү жөнүндө документти карап, мыйзам долбоору сын-пикирге кабылды.

Бүгүн дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө Эл аралык музей күнү белгиленүүдө. Михаил Фрунзе атындагы үй-музейинде көргөзмө жана мастер-класстар уюштурулду.