Жаңылыктар / 18.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1632

Өлкөдө канча мектеп кулап калуу коркунучунда? Чаткалда шып окуучулардын башына урап түшкөндөн кийин өкмөт өкүлдөрү да, депутаттар да активдешип, бул жаатта чукул чараларды көрүүгө чакырышууда.

Жарым жылга созулган операция, трансулуттук баңги тобу жана наркы 155 млн.сомго бааланган маңзаттары. Кыргызстан менен Казакстандын тартип сакчылары Борбор Азияга синтетикалык заттарды интернет аркылуу саткан топтун ишине бөгөт койду.

Ички иштер органдарынын кызматкеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно бузган. Ошто чылк мас абалында көчөдө ызы-чуу салган милиция кызматкери иштен айдалды.

Айдоочу, атайын кызматтын унааларына жол бошот! Ордо калаада «Маяк» аталышындагы рейд уюштурулуп, атайын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү жабдыктар менен бараткан транспортту өткөрбөгөндөр айыпка жыгылышты.