Жаңылыктар / 18.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

297

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев — Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, корутундусун чыгарды.

Ар бири 41 миң долларга алынган вагондор. «Кыргыз темир жолу» ишканасы арзан баа сунуштаган компанияны тандабай, кымбат вагондорду сатып алганы аныкталды.

Жыл башынан бери өлкө боюнча 40 адам сууга чөгүп каза болду. Суусамырда сууга түшүп кетти делген 3 жашар баланы издөө иштери уланууда.

«Манас» эпосунун жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү. Ушундай максатта түзүлгөн мекемеге жетекчилер дайындалып, иш башталды. Каржы маселеси качан чечилет?