Жаңылыктар / 18.09.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

742

Бир түндө 2 ири өрт кырсыгы катталды. Бишкектин четинде өрттөн Супара этнокомплекси жабыркаса, Каракол шаарындагы базарды каптаган жалын бир нече контейнерди жок кылды.

Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча сунуш даяр боло элек. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Коргоо жана Энергетика министрликтери кайра түзүлүшү мүмкүн экенин билдирген.

Эшектедин сөөгү толгон чуңкур, коңурсуган жагымсыз жыт. Ош областындагы Мады айылынын эли эпидемия коркунучунан улам кытайлыктар иштеткен цехтин жабылышын талап кылышууда.

Тубаса айыккыс илдетке кабылган Хадижа жардамга муктаж. Бөбөктүн ата-энеси дары жардам бербей калгандыктан, жер которууга муктаж.