Жаңылыктар / 18.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1031

Шайлоого аттанган төрага Дастан Жумабековдун каттоосу жокко чыгарылсын! Боршайкомдун жумушчу тобу дал ушундай тыянак чыгарып, ал БШКнын отурумунда кызуу талаш-тартыш менен коштолду.

Өкмөт кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна кандай даярдык көрүүдө? Медкызматкерлер, бейтапканаларда керебеттер жетиштүүбү? Ал арада биринчи толкунга начар даярдангандарга карата 5 кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Ымыркай сатууга айыпталган ак халатчандардын алды 8 жылга темир тор артына кетсе, арты мунапыска илинди. Соттолгондор өкүм менен макул эместигин билдирип, кийинки инстанцияга кайрылууга белсенип жатышыптыр.

Пандемиянын шартында бардык санитардык нормалар сакталган заманбап той. Онлайн үлпөткө 100дөй киши чакырылып, 10дой кишинин катышуусу менен өткөн.