Жаңылыктар / 18.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1074

Конституциянын жаңы редакциясы коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Долбоордо мамлекеттик башкарууну түп тамырынан өзгөртүү каралып, депутаттардын санын кыскартуу сунушталган. Документке 80 парламентарий кол койгон.

Акыркы күндөрү адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү. 2 жол кырсыгы катталып, анын биринде 3 киши мурт кетип, бир нечеси жаракат алды.

Ооруканалар бейтаптарга толуп, медиктер жетишпей жатат. Бирок ага карабастан массалык иш-чаралардын аягы тыйылбай жатат. Түндө эле 1,4 миң киши чогулган концерт токтотулду.

Турак-жайы тыптыйпыл өрттөнүп, күн суукта 3 баласы менен көчөдө калган үй-бүлө. Кырсыкка кабылгандар элден жардам сурап кайрылышты. Адистер от жагуунун жана электр мештерин колдонуунун эрежелерин сактоого чакырат.