Жаңылыктар / 18.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1413

Айдоочу, абайла! Ысык-Көлдө унаа аласалып кетип бир адам көз жумду. Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы жол кырсыгында 3 адам тирүүлөй өрттөнүп кетти.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун жапырт сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө. УКМК Боршайкомго талапкерге карата чара колдонуу өтүнүчүн келтирди.

Акыркы үлгүдөгү iPhone жана 5 миң доллар. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары «Опузалап пара алууга» шектелип кармалды. Ал параны милиционерлерден талап кылган.

Көйгөйлөрүн жол тосуу менен чечкен Алтын-Казык конушунун жашоочулары. Тилкеге электр энергиясы берилди. Бирок «Түндүкэлектр» ишканасы «абоненттер тайпасы» үчүн жооптуу тургун менен соттошкону жатат.