Жаңылыктар / 18.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1130

15 жашар кыз 2 жыл өгөй атасы тарабынан зордукталган делген окуя боюнча териштирүү жүрүүдө. Жабырлануучу өз өмүрүнө кол салуу коркунучу жаралгандыктан атайын ооруканага жаткырылган.

Капчыкта акча жок, бирок пенсия берилет. Соцфонд кары-картаңдарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Буга чейин январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар экени айтылган болчу.

Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенинде иштеген 500 чукул жергиликтүүлөр убактылуу жумушу жок отурушат. Фабрика өрттөн жабыркагандыктан, аны калыбына келтирүү иштери 2-3 айга созулат экен.

Өлкө коронавирус пандемиясынан улам оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканда алгачкылардан болуп жардамга кол сунган мекендештер.