Жаңылыктар / 19.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1319

Өлкөдө эпидкырдаал курчуду. Министрлер кабинети бул боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берип, жаңы алгоритм иштелип жатканын билдирди. Бирок карантин жарыяланбайт экен.

Ал арада айрым аймактарда эпид.абалдын курчушунан улам той-топур өткөрүүгө чектөө киргизилди. Массалык мааракеге катышкандардын саны 50 кишиден ашпашы керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын дипломдору текшерилиши керек! Дал ушундай талап менен жарандык активисттер чыгышты. Айтымдарында, бир топ кызыктуу фактылар калкып чыгышы ыктымал.

Бишкекте узундугу 11 чакырымды түзгөн жаңы канализациялык коллектор курула баштады. Борбор калаада саркынды сууну тазалоочу жайдагы жабдуулардын эскилиги жеткен. Бул авариялык абал жаратышы мүмкүн.