Жаңылыктар​ / 19.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1136

Райымбек Матраимов эки айга камалабы же кайра бошонуп кетеби? Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына жактоочулары чогулуп, бирок соттук отурум өз убагында башталбагандыктан тарап кетишти.

Токмокто өрт 60 гектар аянтты жалмады. От алгач кошуна Казакстанда катталып, кийин Кыргызстан тарапка өткөнү маалым болду.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана аларга байланышы бар адамдарды саясатка жолотпоо керек. Ички иштер министрлигинин демилгеси көп суроолорду жаратты.

Үч чеберден, үч көз караш. Айкелчи Альбек Мухутдиновдун, сүрөтчүлөр Сабитжан Бакашев менен Мурат Бекджановдун мааракесине арналган көргөзмө ачылды.