Жаңылыктар / 19.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

557

Буга чейин токтотулуп же кыскартылган, коррупция, экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча иштер кайрадан тергеле баштады. УКМК аларга байланыштуу айыпталуучуларды суракка чакыра баштады.

Бишкекте метро линияларын куруу мүмкүнбү? Борбор калааны 2025-жылга чейин куруу боюнча планга киргизилген бул демилге кызуу талкууну жаратууда.

Башка өлкөнүн жарандыгына өтүп кеткен мекендештерибизге Кыргызстанда жер тилкесин, үй сатып алууга, бизнес ачуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул боюнча тиешелүү документ даярдалып жатат.

Михаил Фрунзе атындагы мотоаткычтар бригадасына 100 жыл толду. Бул мааракенин урматына жоокерлер мыкты күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүштү.