Жаңылыктар / 19.03.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1183

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча 7 кылмыш иши ачылды. Ал эми аймакта жергиликтүүлөрдүн жашоо ыргагы күнүмдүк нукка түшө баштады.

Чек ара маселеси парламенттин тармактык комитетинде жабык каралды. Анда Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаровдун аракетине укуктук баа берүү керек, деген чечим кабыл алынган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Якутиядагы окуя боюнча билдирүү таратты. Мекендештерге жергиликтүү мыйзамдарды сыйлоо жана аткаруу зарылдыгы эскертилди.

Өлкөдөгү КТРК жана НТС телеканалдарынын жаңы жетекчилери расмий түрдө ишке киришишти. Алар ишти эмнеден баштарын айтып беришти?