Жаңылыктар​ / 19.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2478

Жогорку Кеңештин үчүнчү депутатына “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул жолу УКМКнын кылтагына 1,5 миллиард сомдон ашык активи бар дагы бир эл өкүлү илинди.

Өзгөн шаарында 3 адамга ок чыгаргандар кармала элек. Милиция айткан 2 версиянын бирөөсү боюнча буга кримчөйрөнүн өкүлдөрүнүн тиешеси болушу мүмкүн.

Кыргызстанда Абхазиянын номуру менен жүргөн машиналарга рейд жүргүзүлүүдө. Бажычылар жана инспекторлор 10 машинаны айып аянтчасына токтотту. Айдоочулар нааразы.

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленбей турган болсо, Ошто тескерисинче чоң салтанат уюштурулат. Ага калаа бийлиги жарым миллион сом коротмой болду.