Жаңылыктар / 19.04.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

682

Паспорт чуусуна байланышкан ишти саясатташтыруу аракети жүрүп жатат. Улуттук коопсуздук комитети бул ишке байланыштуу жаңы жагдайларды ачыктады.

Кызыл-омпол уран кенинде жүрүп жаткан иштер токтотулбаса жергиликтүү тургундар жөө жүрүшкө чыгабыз, деп билдиришти. Тиешелүү комитет бул боюнча үн катты.

Абактагы кримтөбөлдөр үчүн өзгөчө шарттар каралганбы? Интернетке тараган видео боюнча тиешелүү мекеме түшүндүрмө берди.

«Коопсуз шаар» долбоорунун көзөмөл камерасына куралдан ок чыгаргандар изделүүдө. Аларга карата кылмыш иши козголду.