Жаңылыктар​ / 19.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

904

Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан Өзбекстанга жер берүү боюнча кайрадан сүйлөшүү жүргүзүлүп, 50 гектарды 20 гектарга түшүрүү аракети көрүлөт. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жер алмашууга нааразы болгондордун талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин айтты.

Кыргызстандын Элдик Демократиялык Партиясы шаардык кеңешке өткөн шайлоодон четтетилди. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы партиянын добуш сатып алууга тиешеси бар экенин айтууда. Экинчи тарап муну менен макул эмес.

Зомбулукка каршы митинг учурунда чагымчылдык кылгандардан арасында тартип сакчылары дагы болду беле? Бул боюнча иликтөөчү журналист бир маалыматты билдирсе, Ички иштер министриги башка версияны айтууда.

Дүйнө кабылдоосу өзгөчө балдарга өзгөчө ыкма менен сабак өтүү. Аутизм менен жабыркаган балдарды башка жеткинчектер менен аралаштырууну максат кылган атайын иш-чара болуп өттү.