Жаңылыктар / 19.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1588

Кочкордо жол кырсыгы катталып, 4 адам набыт болду. Жеңил унаа саатына 160 чакырым менен келип, КАМАЗга урунганы айтылды.

Курулганына 5 жыл болбой жатып, жамгырда шыбы урап, ичи сууга толгон имарат. Ош аэропортунун күтүү залындагы окуя боюнча Башкы прокуратура иликтөө иштерин баштады. «Манас» эл аралык аэропорту болсо кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Жогорку билим алып же албаганы белгисиз болгон депутаттар. Улуттук университеттин ректораты 2006-жылы депутат Фархат Исмаиловго диплом берилбегенин билдирип чыкты. Өзү болсо 1 эмес 2 документи бар экенин айтууда.

Өлкөдө инсулин калбай калды. Учурда калган каткан дарылар биринчи жана экинчи типтеги кант диабети менен ооругандарга гана берилүүдө. Калган бейтаптар эмне кылат?