Жаңылыктар / 19.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

543

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге да «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ушуну менен Бишкек ТЭЦин жаңылоо долбоору боюнча камакка алынган мурдагы жетекчилердин саны 11ге жетти.

Өлкөдө беш айда эле жол кырсыктарынан 221 адам каза болду. Өлкөдө ар бир айдоочунун кандай абалда рулга отурганын текшерүү дээрлик мүмкүн болбой келет.

Ордо калаада ысык суу убагында берилеби? Бишкек жылуулук электр борбору шаар боюнча 45 жерде суу түтүктөрүн алмаштыруу керектигин аныктады.

Балдар үйлөрү жоюлуп, алардын ордуна фостердик үй-бүлөлөр пайда болобу? Депутаттар ата-энесиз калган балдарды асыроо үчүн мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.